Ищете свою идеальную пару? - Онлайн знакомства и общение в Кыргызстане
.secure-hosting-728x90
«FAQ.KG» - Сервис вопросы и ответы онлай

Советы

Старайтесь формулировать вопрос максимально четко и понятно.
Чем понятнее будет Ваш вопрос, тем более конкретные ответы вы получите.
Урматтуу Мекендештер! Сайттын колдонуучуларына көп мүмүкүнчүк бар, ошондуктан каттоодон өтүүнү сунуштайм!

Что ты хочешь узнать?

Вопросы на сайте «FAQ.KG» - Сервис вопросы и ответы онлайн принимаются по:
t.me/faqkg
Добавляйтесь в группу Telegram FAQ.KG здесь

Онлайн знакомства - «MAMBA.KG»

673 вопросов

272 ответов

84 комментариев

148 пользователей

fast-support-240х400
Добавляйтесь к нам в соц. сетях. «FAQ.KG | OK.RU»
Реклама
Онлайн знакомства - «LOVE.KG»

Диетаны коп кармаса чач бат агарат дейт ошол чынбы?

0 интересует 0 не интересует
389 просмотров
спросил 21 Ноя, 15 от аноним в категории Красота и Здоровье

1 Ответ

0 интересует 0 не интересует
Кээ бирөөлөрдүн чачы 20 жаштан агара баштаса, айрымдардыкы 40 жашында деле көмүрдөй капкара бойдон жүрөт. Буга эмне себеп? Мунун сырын Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дерматовенерология кафедрасынын доценти Мейкин Усубалиев чечмелейт. «ЧАЧ ИЧКИ ООРУЛАРДАН ДА АГАРАТ» – Адамдын чачынын түсү чачтарынын түбүндөгү меланоцит клеткаларынан көз каранды. Аталган клеткалар биздин чачыбызга түс берүүчү меланин пигментин иштеп чыгарат. Башкача айтканда, чачтын кара, күрөӊ же сары болуусун меланин чечет жана бул пигмент ген аркылуу берилгендиктен адамда түйүлдүк кезинде эле жаралат. Чачтын жаш куракка карабай агара баштоосу ошол пигменттердин аз иштелип чыгышынан болот. Ал эми аз иштелип чыгуусуна болсо көп нерселер себепкер. ЭРТЕ АГАРУУГА «КҮНӨӨЛҮҮЛӨР» Тукум куучулук Стресс Ашказандын (өтүшкөн гастрит), боордун (сарык), калкан сымал бездин (богок) оорусу Ички бездердин иштөөсүнүн жана баштагы кан айлануунун бузулушу Туура эмес тамактануудан чачтын түбүнүн азыктануусу үчүн керектүү заттардын (B тобундагы витаминдер, жез, күкүрт жана башка) жетишсиздиги Тубаса альбинос болуп төрөлүү. Мында териге, чач, кирпикке түс берүүчү пигменттер тубаса жок болот. Жогоруда айтылгандардан улам чачтын эрте агаруусун кантип токтотсо болот дегендин ордуна себептерин тактатуу үчүн трихологго (же дерматологго) жана терапевтке көрүнүү зарыл экендиги түшүнүктүү болду окшойт. Эгер оорулары бар экендиги аныкталса жана дарыланса чачтын агаруусу өзү токтой баштайт (эгер генден болбосо). Кокус урук-тукумуӊузда чачы эрте күмүштөнгөндөр кездешсе, анда сиз да алардын жолун улашыӊыз мүмкүн. Баштын эрте бубак басуусу көбүнчө арыктоо үчүн диетаны көп кармагандарга жана вегетариандарга таандык. Мындайда тамак рациону чектелет да, чач түбүнө азык болчу заттар жетишпей баштайт. Ушундан улам меланин жетиштүү өлчөмдө бөлүнүп чыкпай калат. Андыктан диета кармайм дегендер жана вегетариандар диетологдун көрсөтмөсү менен тамактануусу зарыл. Баштагы кан жакшы айлануусу үчүн массаж жасатып туруу кажет. Стресске көп кабылгандардын, көп ойлонгондордун чачы эрте агарат дегендин чындыгы бар. Анткени андай кезде чачтын түбүндө суутектин кычкылы (перекись водорода) топтолуп, меланинди иштеп чыгаруучу меланоцит клеткаларын жабыркатат. Чачтын убактысынан эрте агаруусунун алдын алуу үчүн тамак-ашка этти (анын ичинде канаттуулардын), балык, краб, сүт азыктарын, өнгөн буудайды, төө буурчак, нокот, банан, сабиз, сулуну колдонуп, толук кандуу тамактануу зарыл. Колуӊуздан келсе курамында йод бар деӊиз капустасын (ламинария) да жеӊиз. Стресстен чыгуу жолдорун өздөштүрүӊүз жана ага кабылуудан качыӊыз. Эгер чачтын 10-15 пайызы агарган кезде B тобундагы витаминдер менен никотин кычкылын жамбашка сайдырып, фолий кычкылын ичсе агаруусу токтой баштайт. Муну 1 жылда 2 курс алуу керек. Ошондой эле чалкандын жалбырагын кайнатып, суусу менен чачты күндө чайкап турса да жардамы жакшы. Эгер чачтын көп бөлүгү агарып кетсе, аны токтотуу кыйын. Андыктан ага жеткирбей аракет кылуу өзүӊүздөн. МАСЕЛЕНИ ЧЕЧҮҮНҮН БАШКА ЖОЛДОРУ Чачтын агарганын жашырып, жаш көрүнүүгө эмне жетсин! Бул үчүн эмнелер керек? Мелировкалоо. Чачтын баары эмес, айрым талдары гана боёлуп, ак чачтар алардын арасында билинбей калат. Бул чачынын 40-50 пайызына чейин ак баскандарга жарайт. Түс берүүчү (оттеночный) бальзам. Чачты жуугандан кийин колдонулат. Табигый боёктор: хна, басма. Атайын химиялык чач боёктор. Мезотерапия. Бул косметикалык салондордо жасалат. Чачтын түптөрүнө B тобундагы витаминдердин топтомуна никотин кычкылын кошуп сайышат. Чач эми агара баштаганда алса жардам берет. Курамында цинк, күкүрт, жез, темир бар гель жана бальзамдар. Булар чачтын түбүнө сүйкөлөт жана ак чачтар көбөйө электе колдонсо, жардамы чоӊ. Эскертүү: Кандай каражат болсо да өз алдынча пайдаланбоо зарыл. Анткени аллергия болуп кетүү коркунучу чоӊ. Врач менен акылдашып, анан гана колдонуӊуз.
ответил 17 Янв, 16 от admin

Похожие вопросы

0 интересует 0 не интересует
0 ответов 286 просмотров
0 интересует 0 не интересует
1 ответ 205 просмотров
0 интересует 0 не интересует
0 ответов 151 просмотров
151 просмотров спросил 19 Дек, 17 от аноним в категории Авто-мото
0 интересует 0 не интересует
0 ответов 101 просмотров
101 просмотров спросил 01 Ноя, 16 от аноним в категории Образование
0 интересует 0 не интересует
0 ответов 302 просмотров
302 просмотров спросил 21 Ноя, 15 от аноним в категории Разное
Задайте любой вопрос и получите ответ от других участников системы.
Чтобы спрашивать и отвечать необходимо войти или зарегистрироваться
Вопросы задаются на кыргызском и на русском языке.



Реклама: Ищете свою идеальную пару? - Онлайн знакомства и общение в Кыргызстане
...