Этикетка же кийимдеги кичинекей «тилче» буюм же кийим тууралуу кыскача маалымат берип, аны колдонуу ыкмаларын түшүндүрүп туруусу кажет. Этикетканы караган соӊ сиз колуӊуздагы буюмдун эмне кездемеден тигилгенин, ага кандай кам көрүүнүн ыкмаларын түшүнөсүз. Ошондой эле өндүрүүчү өлкө дагы этикеткада жазылуусу шарт. Өндүрүүчү фабрика же цех товардын сапатын кандай чыгарды, чын эле товар Түркияда же Кореяда, Бангладеште даярдалганбы, муну өндүрүүчү мекеменин өз абийирине коёлу. А сиз жалпы этикеткадагы белгилер эмнелерди түшүндүрөт, билип алыӊыз. Так ушул этикеткага карап кийимдин баасы эмнеге кымбат же арзан экенин түшүнүп алсаӊыз болот. Этикетка кездемеден жасалып, жазуулар өчпөгүдөй басылса, колуӊуздагы кийим сизге көпкө кызмат кыларынан кабар берет. Товарынын өтүмдүүлүгүн арттыруу үчүн өндүрүүчүлөр ар түрдүү дизайндагы этикеткаларды ойлоп табышып, кардарларды кызыктырышат. Бирок этикеткасы кооз экен деп алаксып кетпей, анын жасалышына, кездеменин сапатына, тигиштеринин бышыктыгына карап алыӊыз.