WordPress – PHP тилинде жазылган, маалыматты сактоо үчүн MySQL берилиштер базасын колдонгон контентти башкаруу системасы. WordPress – GNU GPL лицензиясы эркин программдык жабдык.
WordPressте — жөнөкөй блогтордон баштап көлөмдүү жаңылык порталдарына чейин, ошондой эле онлайн интернет-дүкөндөрдү да жасоого да болот. Шаблон (Тема) аркылуу ар кандай кылып сайттын түзүлүшүн да өзгөртүүгө болот. Плагиндерди колдонуп дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрүн карап көрсөңөр болот. WordPressте сайт жасоону үйрөнөм деген мекендештер үчүн атайын сайт ачканбыз финансылык кыйынчылыктарга карабастан. Сайтыбыздын дареги WWW.WordPess.KG Сайтка катоодон өтүп үйрөнүп, өз колуңуздар менен да жасап көрүңүздөр. Ал сайт сиздер үчүн бекер үйрөнүү үчүн жасалган. Дагы суроолор болсо берсеңиздер алыбыздын жетишинче жардам берүүгө аракет кылабыз. Сайтты орнотуу боюнча WWW.WordPress.KG сайтында кеңири көрсөтүлгөн. Түшүнбөгөн болсоңуздар ушул сайттан сурап туруңуздар, бирге чечебиз.